• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Аймак 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында “Финансылык сабаттуулук” аталышында окутуу өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэриянын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Назира Жакыпова, тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери жана шаар тургундары катышты.

Мэриядан белгилешкендей, алгач адистер тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу, аларга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жарандардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча каражаттарын туура колдонуу, каржылык маселелерди түшүнүү боюнча маалыматтар айтылып, окутуу суроо-жооп менен улантылды.

Белгилүү болгондой, Кыргызстанда социалдык келишимдин негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик баштоосу үчүн 100 миң сомдон гранттык акча каражаты берилип келүүдө. Быйыл аталган долбоордын алкагында Жалал-Абад шаарындагы жакыр жашаган 68 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилмекчи.

Эске салсак, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынан 50 үй-бүлө социалдык контракт долбооруна катышып, жеке ишкердигин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий