• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Вице-премьер-министр эл аралык донорлордон алынып жаткан жардамдар тууралуу айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова коронавирус менен күрөшүү үчүн эл аралык донорлордон алынып жаткан жардамдар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагына 4 эл аралык донордон каражаттар алынууда.

- Дүйнөлүк банктын ERIK долбоору боюнча – 9 млн доллар. Ал каражат боюнча тендерлер өткөрүлгөн жана учурда өткөрүлүп жатат: жеке коргонуучу каражаттар, жабдыктар алынууда. Ошондой эле тез жардам унаалары алынат.

- Дүйнөлүк банктан – 12 млн доллар. Ратификация процедурасынан өткөн.

- Азия өнүктүрүү банкынан – 20 млн доллар. Өткөн аптада Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөн.

- Ислам өнүктүрүү банкынан – 15 млн доллар. Июнь айынын аягында макулдашууга кол коюлган, 25-июнда Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий