• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

20 күндүк ымыркай, 101 жаштагы карыя. Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан айыккандар

COVID - 19 0

Бишкек, 18.03.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Учурда Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 169 адам дарыланууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, илдет бир гана өпкөнү жабыркатпастан, бир катар ооруларды козгойт.

"Биздин ооруканадан аталган илдеттен 7 миңден ашык адам айыгып чыкты. Алардын эң жашы 20 күндүк ымыркай, эң улуусу 101 жаштагы адам болгон. Учурда 169 бейтап дарыланууда. Алардын 11и өтө оор, 69у оор абалда жатат", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий