• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 74 адамдан COVID-19 жаңы табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 74 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 53 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 11, Ош облусунда - 5, Нарын облусунда – 1, Талас облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда - кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 162 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 69, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 3, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 22, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда - 1, Талас облусунда - 2 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 409 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ысык-Көл облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 600 бейтап, амбулатордук түрдө 792 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Ал эми бир суткада стационардан 2, Үй карантининен 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 171 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 87 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 377 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 643 киши айыгып чыкса, 1 миң 409 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий