• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Билим берүү министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кеңешме өттү

Билим 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. 27-январда Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусу менен жогорку кесиптик окуу жайларынын мамлекеттик тил проректорлорунун, кыргыз тили кафедрасынын башчыларынын кеңешмеси болуп өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин жүрүшүндө КР өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 1-октябрында кабыл алынган №510 “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу маселелери каралды.

Кыргыз мамлекетик Юридикалык университетинин мамлекеттик тил борборунун башчысы Мээрим Расулова жогорку окуу жайлар арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

Ошону менен катар бүгүнкү күндө жогорку кесиптик окуу жайларында мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү приоритеттүү багыттар тууралуу сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий