• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө жер кыртышындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү уланууда

Аймак 0

Бишкек, 08.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Токмок шаарынын жана Чүй районунун айрым айылдарында жер кыртышындагы суулардын деңгээли көтөрүлүп, суу денгээлин төмөндөтүү максатында ачык коллектордук дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери уланып жатат. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

“6-январда Иваницина жана 8-март көчөлөрүндө бак дарактарды кыюу иштери жүргүзүлгөн, 7-январында Слабодская, 70-жыл Октябрь жана Колхозный көчөлөрүндө дренаждык тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Бүгүн да тазалоо иштери улантылат”,-деп айтылат маалыматта.

"КР ӨКМнин Токмок шаардык бөлүмүнөн 3 адам, Жайыл райондук жарандык коргонуу кызматынан 1 экскаватор, 2 оор жүк ташуучу унаа жана 4 адам, Токмок жылуулук ишканасынан 1 экскаватор, 2 адам тартылып тазалоо иш чаралары улантылууда",-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий