• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көл аймагында болгон катуу шамал бир нече социалдык обьектилердин жана турак үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. 9-апрелде Ысык-Көл облусунун аймагында катуу шамал катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Тоң районунда 9-апрель күнү саат 10:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жеткен катуу шамал катталып, Көк-Мойнок айыл аймагындагы Көк-Мойнок-1 айылында жайгашкан 1 ФАП жана 5 турак үйдүн чатырларын учурган.

Ошондой эле Балыкчы шаарында ошол эле күнү саат 10:00 чамасында ылдамдыгы секундасына 28-34 метрге жеткен катуу шамал катталып, 8 социалдык объектилердин жана 6 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.

Азыркы убакта атайын комиссия тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий