• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде той өткөргөн милиция кызматкерине чара көрүлүп, тойкана ээси айыпка жыгылды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Баткенде той өткөргөн милиция кызматкерине жана тойкана ээсине мыйзам чегинде чара көрүлдү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облустук штаб тарабынан коомдук тамактануучу жайлардын санитардык абалы жана кафе, ресторандарда, атайын эс алуучу жайларда, үйдө той өткөргөндөрдү аныктоо боюнча көзөмөл күчөтүлдү.

"Күн сайын жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү атайын рейддерди уюштуруп, талаптарды аткарбагандарга белгилеген тартипте чара көрүлүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин тойканада той өткөргөн милиция кызматкери боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, ага тартиптик жаза берилди. Ал эми той өткөргөн тойкана ээсине Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 127-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 30 миң сом пул салынды.

Ал эми санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн КР Бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесине ылайык, 22 адамга 66 миң сом айыппул салынган.

Мындан сырткары, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тийиштүү органдар менен биргеликте 230 обьектке текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада 52 протокол түзүлүп, 156 миң сом айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий