• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Министр Каныбек Исаков Кара-Көл шаарындагы билим жайларынан кабар алды. Сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 22.10.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кара-Көл шаарындагы билим жайларынан кабар алды. Бул тууралуу аталган министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Кара-Көл шаарына жасаган жумуш сапарында Токтогул Сатылганов орто мектебинде жана “Баластан” балдар бакчасында болгон. Исаков билим уяларынын окуу-тарбия иштери менен кеңири таанышып, мугалимдер жана тарбиячылар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берген.

"Мындагы педагогдорду көбүнесе маянанын октябрь айынан тартып 30%га жогорулаганы кызыктырды. Алар бул боюнча министрден кошумча маалыматтарды тактап алганга жетишти. Исаков бала бакча кызматкерлери, мугалимдердин маяналарына кошула турган 30% каражат кандай төлөнө тургандыгын ар бир мугалимдин мисалында кеңири түшүндүрүп, октябрь айынан кошулган айлыкты бардык педагогдор сезе турганын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Соңунда министр балдар бакчасына китептерди белекке берген.

Пикир

Оставить комментарий