• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү ӨКМ тарабынан алып келинет

Коом 0


Бишкек, 22.08.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандыктардын сөөгү ӨКМ тарабынан Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, эртең, 23-августта учак Москвадан Ульяновскиге багыт алып, бир сааттай убакыттан кийин Ош шаарына учуп келет.

“Ульяновск – Ош багытына үч саат кетип, “Ош” аэропортуна жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дө конот. Россиянын тергөө комитетинен сөөктөрдү алып кетүү боюнча уруксатын күтүп жатканбыз. Азыр уруксат берилгени тууралуу маалымат келип түштү”, - дейт ал.

Ажикеев Оштон ӨКМдин кызматкерлери учакты тосуп алып, сөөктөрдү жер-жерлерге жеркире турганын кошумчалап кетти.

Белгилей кетсек, 21-августта Ульяновск облусуна караштуу Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу оор экендиги кабарланды.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Кыргызстанда эртең, 23-август – жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий