• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

14 адамдын өмүрүн алган кырсык. Кыргызстанда 23-август жалпы аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент 0

Бишкек, 22.08.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынын кесепетинен мекендештердин каза болгондугуна байланыштуу кайрылуу жасады.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мамлекет башчысынын кайрылуусунда мындай деп айтылат:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Россиянын Ульяновск облусунда болгон суук кабар баарыбызды кайгыга салып, жүрөгүбүз ооруп турат. Кырсыкты кайдан деп болбойт. Мекендештерибиз жол кырсыгына кабылганына жаныбыз кейип, баарыбыз аза кайгыга батып турабыз.

Өзгөчө кырсыкка кабылгандардын жакындары үчүн өтө оор болуп жатканын мен жан дүйнөм менен сезип турам.

Мындайда көңүл айтуу да оор. Ошондой болсо да кырсыкка кабылгандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, баарыңыздардын кайгыңыздарды тең бөлүшүү менен Жараткандан мындан ары жакшылык тилеп, сабырдуу болууга чакырам.

Ыйык Кураныбызда "Аллахым сабырдууларды сүйөт" деп айтылат. Кайраттуу болуп, сабыр кылалы мекендештерим!

Кырсыкка кабылгандардын жакындарына, туугандарына тиешелүү жардам берүү жагы токтоосуз колго алынат. Бул менин жеке көзөмөлүмдө болот.

Урматтуу мекендештер, бул кырсыкты жалпы элибиздин кайгысы катары кабыл алуу менен 23-августту Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы аза күтүү күнү деп жарыялайм”.

Белгилей кетсек, 21-августта Ульяновск облусуна караштуу Николаевск районунун Праскавьина жана Новопасское айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 16 киши каза болгон, анын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны. Мындан тышкары, үч кыргызстандык ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу оор экендиги кабарланды.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров ТИМ, ӨКМ, “Манас” эл аралык аэропортуна Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий