• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда жасалма документтерди колдонууга шектүү кыргыз жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында 27 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Ал жасалма документтерди колдонгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Казакстандан мекенине Honda Stream үлгүсүндөгү унаасы менен келе жаткан учурда Кордай чек-ара көзөмөл бөлүмүндө кармалган.

Унааны каттоо күбөлүгүнүн жасалма экендиги шек жараткан. Ультрокөгүлтүр нурлардын жардамы менен документти текшерүүдө суу белгилеринин жоктугу аныкталган.

Унаа Кордай чек ара бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайына киргизилген. Айдоочу эч жакка кетпөө убадасы менен бошотулду.

Пикир

Оставить комментарий