• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлиги ведомстволук мекемелердин ишин оптималдаштырууну сунуштоодо

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ведомстволук мекемелердин ишин оптималдаштырууну сунуштоодо. Тиешелүү токтомдун долбоору министрлер кабинетинин сайтына коомдук талууга чыгарылды.

Документте айтылгандай, министрликтин карамагында 24 театралдык-оюн-зоок мекемелери (драмалык, музыкалык-драмалык, куурчак театрлары, опера жана балет театры, цирк жана филармониялар) бар.

Жыл сайын төлөнүүчү кошумча өргүүлөр эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу жумуштарда иштеген кызматкерлерге, иши өзгөчө мүнөздөгү кызматкерлерге, жумуш күнү ченемге салынбаган кызматкерлерге, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жана барууга кыйын аймактарда иштеген кызматкерлерге, ошондой эле мыйзамдарда каралган башка учурларда берилет.

Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, уюмдар өздөрүнүн өндүрүштүк жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлер үчүн кошумча өргүүлөрдү өз алдынча белгилей алышат. Бул өргүүлөрдү берүүнүн тартиби жана шарттары жамааттык келишимдер же уюмдун тиешелүү ченемдик актылары менен аныкталат.

Иштин өзгөчө мүнөзү үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык кошумча өргүү эмгеги ишти аткаруунун өзгөчөлүктөрү менен байланышкан кызматкерлердин айрым категорияларына берилет.

Жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдардын шарттарына карабастан, көп жылдар бою эмгеги жогорку эмоционалдык жана физикалык жүк менен байланышкан кызматкерлер ар жылдык кошумча акы төлөнүүчү өргүү алууга укугу бар кызматкерлердин категорияларынын тизмесине кирбей калган.

Мисалы: Көркөм жетекчи тизмеде көрсөтүлгөн кызматкерлердин категориясына киргизилбей калган. Көркөм жетекчи функционалдык милдеттери боюнча чыгармачылык жана өндүрүштүк ишинин бүтүндөй комплексин уюштуруп, репертуарды түзөт, репертуардын көркөм сапатына, спектаклдердин даярдыгын аныктап, эл алдында көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга, театрды квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу боюнча чараларды көрүп, аларды туура жайгаштырууга жана рационалдуу пайдаланууга ж.б. жооптуу.

Мындан сырткары, куурчак театрынын актёру көп пландуу артист болуп саналат. Ал дээрлик бардык актёрлукка тектеш кесиптердин өзгөчөлүктөрүн жана нюанстарын билүү менен актёрдук чеберчиликти гана өздөштүрбөстөн, куурчак менен иштөөнү, вокалды, пластиканы, хореографияны, музыкалык аспапта ойноону билүүсү шарт. Алар ыр ырдап, бийлеп гана тим болбостон, колу менен басып, башка акробатикалык трюктарды да аткарышат. Бирок куурчак театрларынын артисттери тизмеге киргизилген эмес.

2006-жылы 11-майда чыккан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү даярдоодо жана андан ары киргизүүдө, театралдык-музыкалык искусствонун чыгармаларын түзүүгө түздөн-түз катышкан көркөм персоналга тиешелүү кызматкерлердин айрым кызмат орундарынын аталыштары киргизилген эмес. Ошондуктан театралдык оюн-зоок мекемелеринин чыгармачыл кызматкерлери жыл сайын өргүү алууда кыйынчылыктарга туш болушат.

Өзгөртүүлөрдү кабыл алуу кошумча каржылык чыгымдарга алып келбейт, анткени күндөрдүн саны кошулганына карабастан, өргүү акысынын өлчөмү мурдагыдай бойдон калат.

Пикир

Оставить комментарий