• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекке жакын жерде жол кырсыгынан беш адам жабыркады

Коом 0

Бишкек, 22.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекке жакын Беш-Күнгөй айылында Volkswagen Passat жардан кулап кеткен. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча беш адам жабыркаган.

Алардын бири жандандыруу бөлүмүнө, экөө Чүй облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Дагы бири Улуттук госпиталдын нейротравма бөлүмүндө, бешинчисине жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгы бүгүн эртең менен болгон. Айдоочу рулду башкара албай калып, унаасы менен жардан кулап кеткен.

Күбөлөр кырсыкты тартып алып, видеону интернетке жайылтышкан.

Пикир

Оставить комментарий