• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Депутат Бекешев экономикалык кылмыш жасаган адамды күрөө коюу менен бошотуу демилгесин көтөрдү

Коом 0

Бишкек. 11.12.18 /Кабар/. Депутат Дастан Бекешев экономикалык кылмыш жасаган адамды күрөө коюу (под залог) менен камактан бошотуу демилгесин көтөрдү. Мындай пикирин депутат Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү, коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетте Кылмыш-процесстик кодекске сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатканда билдирди.

Анын пикиринде, камакка алынгандарды кармоо үчүн бюджеттен жылына 300 млн сом каражат сарыпталат. Жазак аткаруу кызматы менен Тергөөнүн убактылуу кармоо жайы – 200 млн сом, УКМК – 100 млн сом.

"Кодекстеги күрөө коюуга байланыштуу берене азыркыга чейин иштей элек. Эгерде адам экономикалык кылмыш жасаса, анда ал күрөө коюу менен камактан бошотулушу керек. Күрөөгө коюла турган акчасы жок болсо, качып кетпөө боюнча тилкаты менен бошотулса деле болот. Ал качып кетсе, баары бир акчасы калып жатпайбы", - деди ал.

Андан сырткары, Башкы прокуратура күрөөгө мүлк эмес, акча коюлушу керектигин айтып жатканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий