• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР элчиси Латвиянын ТИМнин мамкатчысына ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-сентябрында резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргызстандын Латвиядагы элчиси Эрмек Ибраимов онлайн жолугушуу форматында Латвиянын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Андрис Пелшске чакырып алуу жана ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин ортосундагы саясий консультацияларды уюштуруу жолу менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн зарылчылыгын белгилешти.

Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын мындан аркы жайылуусун алдын алуу боюнча биргелешкен күч-аракеттери боюнча өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Ачык жана конструктивдүү маектешүүдө эл аралык жана регионалдык күн тартибиндеги негизги аспектер, анын ичинде БУУ, ЕБ, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдардын аянтчаларда өз ара аракеттенүү боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий