• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта жаандан улам дарыядан суу ашып, турак үйлөрдү каптады

Аймак 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Сузакта жаандан улам дарыядан суу ашып, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кечээ, 11-май күнү саат 11:00 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, суулар ашып, натыйжада Барпы айыл аймагынын Үлгү айылында болжол менен 14 турак үйдүн короолорун жана кафенин аймагын, Осмонов айылындагы 4 турак үйдүн короолорун, 1 турак үйдүн ичин жана Кызыл-Багыш айылындагы 1 турак үйдүн короосун жана Бишкек-Ош унаа жолунун 577-чакырымын (Үлгү айылы) каптаган.

Жерине куткаруучулар, жергиликтүү тургундар жана техника тартылып, тазалоо иштер жүрүүдө.

Учурда тазалоо иш-чаралары жүргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу жабылып, 575 жана 578-чакырымдарында посттор уюштурулган, унаалар Жалал-Абад шаары аркылуу өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий