• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абадда жол кырсыктарынын алдын алууга багытталган комплекстүү иш-чара өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. 17-20-июнь күндөрү Жалал-Абад облусунун аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу багытында комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июнда Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилип, атайын тескеме бул багытта иш алып барчу кызматкерлерге тааныштырылды.

Жалал-Абад облусунун аймагында жол кырсыктарынын саны өсүп, анын кесепетинин каза болуп, денесинен жараат алган жарандардын көбөйгөндүгүнө байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолу кызматкерлердин толук көзөмөлүнө алынат. Ошондой эле Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун борбордук көчөлөрүндө транспорттук тартипти жөнгө салуу, жол кыймылынын жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштер жүргүзүлөт.

Кызматкерлер түзүлгөн графиктин алкагында жол эрежесин сактоо керектигин айдоочуларга эскертишүүдө. Ошондой эле жолдо жүрүүдө этият болуп, акырын унаа айдоого, жол белгилерине тыкыр көзөмөл салууга чакырышууда.

Мындан сырткары коронавирус илдетинин алдын алуу керектигин эскертишип, тиешелүү санитардык эрежелерди так сактоого үндөшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий