• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ОшМПУнун заманбап үлгүдөгү 5 кабаттуу жаңы имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (ОшМПУ) заманбап үлгүдөгү 5 кабаттуу жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Тасма кесүү салтанатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев баштаган бийлик өкүлдөрү жана университеттин профессордук-окутуучулар жамааты катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө алгач куттуктоо сөздөрү айтылып, өлкөнүн билим берүү тармагын алга сүрөө менен анын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан ОшМПУнун жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылыктар айтылып, жаңы окуу корпусунун курулушунда жигердүү эмгек көрсөткөн тийиштүү адистер Ардак грамота менен сыйланышты.

Эскерте кетсек, имараттын курулушу 2021-жылдын декабрында башталган. Анын жалпы аянты 36*21 м2 түзсө, студенттер үчүн колдонула турган ички аянты 3600 м2 түзөт. Корпус өзүнө лекциялык кааналарды, кеңешме зал, китепкана, актовый зал, ашкана, аудиторияларды камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий