• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Ошто "Сулайман-Тоо" райондук электр тармактарына жаңы имарат курулду

Аймак 0

Бишкек, 16.08.23. /Кабар/. Ош шаарында "Сулайман-Тоо" райондук электр тармактарына жаңы имарат курулду. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, каала башчысы Бакытбек Жетигенов "Сулайман-Тоо" райондук электр тармактар ишканасынын жаңыдан курулуп, пайдаланууга берилген имараты менен таанышты.

Шаар калкынын санынын өсүшүнө байланыштуу калаанын батыш тарабында электр тармактарын ыкчам тейлөө үчүн аталган ишкана түзүлгөн. Учурда ишканада 80ден ашуун адис эмгектенет.

Ак-Буура дарыясынын оң тарабында жайгашкан аймактардын жашоочулары электр энергиясына болгон муктаждыктары боюнча Г.Айтиев көчөсү №69 дарегине же (03222) 4-73-87 байланыш телефондоруна кайрылышса болот.

Пикир

Оставить комментарий