• 88.68
  • 95
  • 0.95

Догдуркүл Кендирбаева Кочкор районундагы мектептердин бирине күтүүсүз барды

Билим 0


Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 2-октябрда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Кочкор районундагы Семиз-Бел айылындагы А.Бостонов атындагы орто мектепке күтүүсүз барып, анын иши менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, алгач ал 11 жана 6-класстардын тарых, англис тили сабагына катышып, андан соң орус тили сабагына кирип, балдар менен баарлашты.

Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева мугалимдер жамааты менен жолугушуп, аймактардагы билим берүүнүн сапатын жакшыртуу, алдыңкы методикалык ыкмаларды өздөштүрүү тууралуу пикир алышуу болду.

"Мугалим балдарды билим алууга шыктандыруусу керек, сабак өтүүдө жаңы ыкма, технологияларды колдонуубуз зарыл. Мугалим комиссия үчүн жасалма сабак өтпөстөн, ар бир сабакка чыгармачыл мамиле жасоону адатка айлантуусу тийиш", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий