• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жалпы ишембиликке шаардыктар активдүү катышууда

Аймак 0

Бишкек, 15-апрель /Кабар/. Бүгүн, 15-апрель Ош шаарында массалык ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ишембиликке Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарынын мэриясынын аппараты, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Мэр Айтмамат Кадырбаев шаардыктарды дем алуу күндөрү ишембиликке чыгып, шаардын кооздугуна салым кошууга чакырды.

“Шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана тазалоо боюнча атайын үч айлык жарыяланган. Анын алкагында дарактарды отургузуу, арыктарды тазалоо, санитардык тазалоо жана колористика боюнча төрт этапка бөлүп, бүгүнкү күндө алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Шаардыктардын ишембиликке катышуусу жогорку деңгээлде. Бүгүнкү күндө шаар боюнча 60 миң көчөт отургузулуп, 7 миңге жакын бак-дарактар акталып, 240 км арык тазаланды”, - деди А.Кадырбаев.

Жарыяланган үч айлыктын алкагында Сулайман-Тоонун айланасын, Ак-Буура дарыяларынын жээктерин тазалоо, ар бир шаардык уюм, мекемелер калаага кооздук үчүн ар түрдүү гүлдөрдү, бадалдарды, анын ичинде дарактарды, теректерди, ак кайың, кара жыгач, туя жана башкаларды отургузушат. Бүгүнкү ишембиликке жалпысынан он миңге чукул тургундар катышты.

Пикир

Оставить комментарий