• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектин окуучулары “Жоокер-2017” аскер-спорт оюндарына катышты

Коом 0

Бишкек, 22-февраль /Кабар/. №38 мектеп-гимназиянын окуу-тарбия комплексинин базасында Бишкек билим берүү башкармалыгы КР Улуттук Гвардиясы менен биргеликте Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган “Жоокер-2017” аскер-спорт оюндарынын финалын өткөрдү.

Окуучуларга Ардактуу күзөт ротасы менен “Пантера” атайын даярдыктагы отряд аскер-спорт оюндарын көрсөтүштү.

Аскер-спорт оюндары “Катарга туруу”, АКМны чачуу жана жыйноо”, “Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү”, “Денени чыңдоочу көнүгүүлөр” номинациялары боюнча өттү. Иш-чарага райондук мелдештерде жеңүүчү командалар - №: 6,13,24,27,38,88,58 мектептердин командалары катышты.

Пикир

Оставить комментарий