• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мэр Жунушалиев шаардагы мектептер салттуу режимге кайтууга даяр деп ишендирди

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Бишкектин жаңы мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйын учурунда калаадагы мектептер жаңы окуу жылында салттуу режимге кайтууга даяр деп ишендирди.

Анын айтымында, учурда мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

“Бардык жумуштарды 15-сентябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын бердим. Жалпылап айтканда, билим берүү системасы жаңы окуу жылына даяр”, - дейт ал.

Жунушалиев окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып окуу процесси салттуу режимде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий