• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөндөрүндө жолдор кардан тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 22.10.21. /Кабар/. Төө-Ашуу ашуусунда жана Суусамыр өрөөнүндө аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын инспекторлору жол кырсыктарын адын алуу жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында инеркттик материалдарды чачышып, жолду кардан тазалашууда. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматы айдоочуларды өтө этият болууга, ылдамдыкты сактоого, каршы тилкеге ​​чыкпоого, тоолуу аймактарда унаалардын ортосундагы аралыкты так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий