• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ЕАЭБге кошулгандан бери эмгек мигранттарынын абалы жакшырды

Коом 0

Бишкек, 27-июль /Кабар/. Кыргызстан ЕАЭБге кошулган соң эмгек мигранттарынын абалы 10 позиция боюнча жакшырды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын 1-жарым жылдыктагы ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында кызматтын төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 1-июлга карата кыргыз мигранттарынын жалпы саны 710 миң адам болсо, алардын 616 миңи Россияда, 30 миң – Түркияда, 33 миң - Казакстанда, 14 миң мекендешибиз Түштүк Кореяда жүрүшөт. Калган жарандарыбыз Европа жана АКШ өлкөлөрүндө окуп же иштешет.

“Республика ЕАЭБге кошулган соң, жарандарыбыз 30 күндүн ичинде интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн аймагында каттоосуз жүрө алышат. Муну менен бирге ишке кабыл алуу шарттары кыйла жакшырды. Эми ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандыктар социалдык жана медициналык камсыздандырууга укуктуу. Мындан тышкары, ЕАЭБ аймагында жогорку билим тууралуу дипломдорубуз таанылат. Орус тили боюнча сынактан өтүүнүн зарылдыгы жок”, - деди Айдаралиев.

Пикир

Оставить комментарий