• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыл кыякчы Залина Касымова "Кочкордун ардактуу атуулу" наамын алды

Коом 0

Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Белгилүү музыкант, кыл кыякчы Залина Касымова бүгүн "Кочкор районунун ардактуу атуулу" наамын алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

""Кочкордун ардактуу атуулу" деген наамды Кочкордун акими Омошев Эрмекбай Аляновичтин колунан алдым. Кочкордун жетекчилерине, элиме, мени жана чыгармачылыгымды колдогон бардык күйөрмандарыма ыраазымын", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Залина Касымова көп жылдардан бери Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын солисти болуп эмгектенет. Ал Мураталы Күрөңкө уулунун "Ат кетти", "Кер-Өзөн" жана башка ондогон элдик күүлөрдү чеберчилик менен аткарып келет.

Пикир

Оставить комментарий