• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент тышкы карыз боюнча туура эмес маалымат берген министрдин орун басарына эскертүү берди

Президент 0


Бишкек, 28.12.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында депутаттарга өлкөнүн тышкы карызы тууралуу туура эмес маалымат берген финансы министринин орун басары Руслан Татиковго эскертүү берди.

Президент Татиковго кайрылып, Каржы министрлигинде канча жылдан бери иштей тургандыгына кызыкты. Министрдин орун басары 2006-жылдан бери иштейм деп жооп берди.

"Өткөндө Жогорку Кеңешке бардыңыз. Депутаттар биз иштеп баштаган акыркы эки жылда канча тышкы карыз алдыңар деп суроо берсе, сиз 7 млрд доллар деп жооп берип жатасыз. Жалпы канча карызыбыз бар дешсе, сиз 11 млрд доллар дедиңиз. Бул сандарды кайдан алдыңыз?", - деп президент Татиковго суроо узатты.

Татиков депутаттын суроосун туура эмес түшүнүп алгандыгын айтып, 1992-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки сумманы айткандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий