• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды онлайн режиминде кабыл алып, көйгөйлөрүн укту

Коом 0

Бишкек, 01.05.22./Кабар/. 2022-жылдын 29-апрелинде акыйкатчы Атыр Абдрахматова жарандарды жеке маселелери боюнча онлайн режиминде кабыл алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандарды онлайн кабыл алуу мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндө биринчи жолу Акыйкатчы инстутуту тарабынан колдонууга киргизилип жатат.

Онлайн кабыл алууда 29 жаран Чүй облусунун Токмок, Кара-Балта, Кемин, Шопоков шаарларынан, Н. Крупская атындагы айылдан катышты, о.э. Аламүдүн районунун “Панарома” конушунун 40тай тургуну жеринен чогулушуп бирдиктүү онлайн сүйлөшүү болду.

"Социалдык аялуу топтор, алыскы аймактарда жашаган жарандар укугун коргоодо борборго чейин келгенге көп учурларда мүмкүнчүлүктөрү чектелгенин, Бишкекке келгенге чейин элибиз убакыт уттуруп, укугун коргоо мөөнөттөрүн өткөрүп жиберип, нааразычылык күчөгөнүн билебиз, о.э. интернет байланышы калкыбыздын чоң бөлүгүнө ээ болгондугун эске алуу менен, элди онлайн кабыл алууну киргизип жатабыз. Адам укуктарынын ишке ашырылышы бардык чөйрөдө ыңгайлуу, жеткиликтүү болуш керек. Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер эл менен түздөн түз иштөөнү заманбап мүмкүнчүлүктөрдү колдонушун камсыз кылганга милдеттүү", - деген акыйкатчы.

Онлайн кабыл алууда болгон жарандардан арыздары алынып, кээ бирлерине акыйкатчы өзү жана Омбудсмен институтунун бөлүм жетекчилери, Чүй областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү укуктук кеп-кеңештерди, түшүндүрмөлөрдү беришти.

Жарандардын кайрылуулары негизинен төмөндөгү суроолор болду:

– жер-укуктук талаштар; тастыктоочу документтери жок, бирок анда 15 жылдан ашык жашаган адамдардын турак жайга менчик укугу;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар;

- "Үй-бүлөгө көмөк" социалдык жөлөкпулдарды ала албагандык;

- Россия Федерациясында иштеп жүргөн жарандардан алимент алуунун тартиби;

- социалдык турак жай алуу тартиби;

- мектеп окуучуларынын коомдук транспортто жеңилдетилген шартта жүрүүсү;

– туруктуу каттоодо жоктугунан мектепке жана бала бакчага кезекке онлайн катталуу мүмкүн эместиги.

Акыйкатчы институту кошумчалагандай, жарандарды акыйкатчы ар бир шейшемби, бейшемби күндөрү, Омбудсмендин орун басарлары ар бир дүйшөмбү, шаршемби күндөрү саат 10:00-16:00 аралыгында жеке кабыл алышат, дареги: Бишкек ш., Тыныстанов көч., 120.

Кошумча маалыматты 0312-66-32-80, 0312-62-15-90, 0312-62-15-95 жана 0500-88-83-83 (WhatsApp) номерлер аркылуу алса болот.

Пикир

Оставить комментарий