• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында - 1, Ош облусунда - 2, Чүй облусунда - 6, Жалал-Абад облусунда - 5 өрт катталган.

Алсак, Бишкек шаарындагы Фучик жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Фучик паркынын айланасында курулуп жаткан имараттын 4 чарчы метр пластик терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ал эми Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленинский айылында сарайдын ичинде 5 чарчы метр таштанды жана эски төшөнчүлөр күйгөн.

Ошондой эле Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарындагы Шамалды-Сай шаарчасында турак үйдүн 24 чарчы метр болгон бир бөлмөсү, үй эмеректери жана үй буюмдары өрттөнгөн.

Андан тышкары, Жалал-Абад шаарындагы "Жеңиш” эс алуучу багынын аймагында жайгашкан Т. Тыныбеков атындагы облустук филармониянын бөлмөсүнүн 10 чарчы метр аянты жана үн жаздыруучу жабдыктар куйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Турат-Али атындагы базардын аймагында ашканадан өрт чыккан. Өрттүн себеби: тиричилик элетр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Пикир

Оставить комментарий