• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда жаңы жылдык жасалгаларга сынак жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясы жаңы жылдык жасалгаларга сынак жарыялайт.

Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан Жаңы жыл майрамына карата элге майрамдык маанай тартуулоо максатында “Эң мыкты көркөм эстетикалык жасалгалоо” сынагы жарыяланды. Ага менчигинин түрүнө карабай калаадагы бардык мекеме-ишканалар катыша алат.

Сынакта көрнөк-жарнактардын мазмунуна, кооздугуна, тартылган сүрөттөргө, балатыларга, имараттардын сырткы жасалгасына жана тазалыгына көңүл бурулат.

Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.

1-орун – 10 000 сом;

2-орун – 7 000 сом;

3-орун – 5 000 сом.

Пикир

Оставить комментарий