• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Достук" бекетинде товарларды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды – Финпол

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрүү бекетинде товарларды мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Финансы полициясы) билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы элдик керектөөдөгү товарларды (ЭКТ) мыйзамсыз ташып кирүү жана ташып чыгуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү учурунда кызмат адамдарынын катышуусу менен товарларды дайыма болуп турган аткезчилик жолу менен ташып кирүү фактыларын аныктады.

"Үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн "Вольво" маркасындагы жүк ташуучу унаа кармалып, ал Өзбекстандан "Достук" бажы посту аркылуу тийиштүү уруксат берүүчү документтери жок жана бажы төлөмдөрүн төлөбөй келе жаткан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда Финансы полициясы контрабандачылардын кызыкчылыктарын колдогон кызмат адамдарынын катыштыгы бардыгын аныктоого, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий