• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Жунусов өлкөдөн сыртта жүрөт, материалдар Интерполго жиберилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов өлкөдөн сыртта жүрөт, издөө боюнча материалдар Интерполго өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө Жунусовдун кылмыш жасоого катыштыгы жана күнөөлүүлүгүнүн далилдери алынган.

Сагынбаев сөз Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы “Айхан” ЖчКсы тарабынан бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу болуп жатканын кошумчалады.

“Сиздерге белгилүү болгондой, ал жакта Бажы кызматынын кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Адамкул Жунусовго сырттан күнөө коюлган, учурда ага издөө жарыяланган. Ал Кыргызстандан тышкары жакта жүрөт, бардык тиешелүү материалдар Интерполго жиберилген”, - деди Сагынбаев.

Ал белгилегендей, анын жүргөн жерин аныктоо боюнча бардык иш-чаралар биздин укук коргоо кызматтарыбыз тарабынан жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, 6-сентябрда Каржы полициясы 2018-жылдын 28-августунда “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга” күнөөлөнгөн Адамкул Жунусовго издөө жарыяланганын билдирген. Ал 2013-жылдан 2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматын жетектеп турганда уюштуруучу-башкаруучу, административдик-чарбалык, көзөмөлдөөчү-текшерүүчү функцияларды аткаруучу кызмат адамы болуп туруп КРнын мыйзамдарын бузуу менен “А” ЖЧКсынын өкүлдөрү жана Бажы кызматынын башкы кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган.

Ал өзүнүн бийликтик ыйгарым укуктарын пайдаланып “А” ЖЧКсы менен идентификациянын туура эмес жолу аркылуу бажы аймагын кайра иштеп чыгарууга уруксат алууда чогуу иш кылган. Анын натыйжасында аталган коом Кыргыз Республикасынын бюджетине киргизилген төлөмдөр боюнча бажы преференцияларын алган. Бул ЖЧК тарабынан алып келинген товарлар “Импорт 40” режиминин жалпы негиздеринде түзүлүшү керек болчу.

Укукка каршы аракеттердин жыйынтыгында Бажы кызматынын мурдагы башчысы тарабынан мамлекетке 166 миллион сомдон ашык өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Учурда Жунусов тергөө органдарынан качып жүрөт. Анын жасагандары өзгөчө оор кылмыштардын категориясына кирет.

2018-жылдын 18-августунда Жунусовго 304-беренеде каралган кылмышты жасоого сырттан күнөө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий