• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаштар арасында оор атлетика боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Бишкекте кадеттер жана жаштар арасында оор атлетика боюнча өлкөнүн чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 17-19-февралда борбор калаадагы оор атлетика боюнча олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинде болот.

Чемпионатты Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясы жана Оор атлетика федерациясы уюштурууда.

Пикир

Оставить комментарий