• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бирөө каза болуп, экинчиси ооруканада. Ошто эки окуучу бычакталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Ош шаарында бычактан жараат алган эки мектеп окуучусу ооруканага түшүп, бирөө көз жумду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө маалымдалгандай, бүгүн, 11-февралда саат 14:10дө Ош шаардык милициясына облустук ооруканасынан бычакталып эки жаш бала түшкөндүгү тууралуу маалымат келген.

"Тилекке каршы, 17 жаштагы К.Б. аттуу өспүрүм ооруканада көз жумган. Экинчи 17 жаштагы Н.С. оор абалда. Ага операция жасалууда", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка тиешелүү шектүүлөр изделип жатат. Жабырлануучулар Нариман орто мектебинин 10-классынын окуучулары экендиги кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий