• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги митингдин катышуучулары Ак үйдүн короосуна кирип барышты

Кырсык 0


Бишкек, 06.10.20. /Кабар/. Күбөлөрдүн маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингчилер Ак үйдүн короосуна кирип барышты. Видео социалдык тармактарда жарыяланган.

Дүйшөмдү эртең менен парламентке өтпөй калган партиянын тарапташтары Бишкектин борборунда митингге чыгышкан. Акциянын катышуучулары шайлоонун жыйынтыгын жокко чагырууну талап кылышкан. Парламенттик шайлоого ат салышкан 16 партиянын төртөө гана өткөн.

ИИМден кабарлашкандай, митингдин катышуучуларын атайын каражат колдонуу менен таратууга туура келген. ""Митингдин катышуучулары жана анын уюштуруучулары коомдук тартипти бузуп, Чүй проспектисиндеги кыймылды бууганга аракет кылышты. Андан ары агрессивдүү түрдө Чүй проспектиси аркылуу кыймылды баштап, Жогорку Кеңештин имаратын курчаган темир дарбазасын сындырууга аракет кылышты".

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, саат 24:00гө карата митингди таратуу маалында жараат алган 122 адам ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматка ылайык, 4-октябрда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында жарышка катышкан 16 саясий партиянын төртөө парламентке өткөн – «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан». Калган партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосунан өтө алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий