• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Ош облусуна 485,7 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 5 айында Ош облусунун жергиликтүү бюджеттерине республикалык бюджеттен 485,7 млн сом которулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

Бюджеттер аралык трансферттер:

- теңдөөчү трансферт- 386,7 млн сом;
- ыйгарым укуктарды берүүгө - 29,4 млн сом;
- электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына - 12,3 млн сом;
- башкы план -55,3 млн сом (калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгууга).
- Чоң-Алай айыл өкмөтүнө (Памирлик кыргыздарга жардам катары) - 2 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий