• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы консул Бейшембиев Татарстандын өнөр жай жана соода министри менен жолукту

Экономика 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Казань шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу Эрик Бейшембиев Татарстандын өнөр жай жана соода министри Олег Коробченко менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын февралындагы Россияга сапарынын жыйынтыктарын жана соода-экономикалык жана илимий-техникалык тармактарда өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Татарстан тарап Кыргызстандын делегациясын ушул жылдын май айында «Россия-Ислам дүйнөсү: KazanForum» эл аралык экономикалык форумуна катышуу үчүн күтүүдө жана 2024-жылдын жай айында Кыргызстанга Тататарстандын бизнес делегациясынын жооптуу сапарын уюштурууга даярдыгын билдирди.

Тараптар «КамАЗ», «Эйдос» жана башка татарстандык ишканалар менен иштөөнүн оң динамикасын белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан ары кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий