• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2019-жылы айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү дээрлик 900 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 28.01.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2019-жылдын январь-ноябрь айларында айыл чарба продукцияларынын тышкы соода жүгүртүүсү 17,1 пайызга жогорулап, 889,4 миллион АКШ долларын түздү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Амангелди Исаев билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын азыктары жалпысынан 17 млрд 882 млн сомго экспорттолгон.

"Мал чарба продукциялары 876 млн сомго же 12 млн 427 миң долларга экспорттолгон. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилинин көрсөткүчүнөн улуттук валюта менен 23,8% жогору. Өсүмдүк продукциялары 2018-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 33,2%га жогорулап, 8 млрд 579 млн сомду түздү. Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 8 млрд 376 млн сомго экспорттолду", - дейт ал.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктары дүйнөнүн 75 өлкөсүнө экспорттолууда.

Пикир

Оставить комментарий