• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров "Дан" мамлекеттик ишканасынын инвестициялык долбоорлору менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин трагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Балта шаарындагы "Дан" мамлекеттик ишканасына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал өндүрүш цехтери, инвестициялык долбоорлор жана ишкананы өнүктүрүү жана модернизациялоо пландары менен таанышты.

Алсак, толук өндүрүштүк кубаттуулукка чыгуу жана товардык продукциянын ассортиментин чыгаруу максатында ишкана тарабынан көп кабаттуу тегирмен комплексин сатып алуу, макарон азыктарын өндүрүү үчүн заманбап жабдууларды сатып алуу жана мал азыгын өндүрө турган жабдууларды алуу боюнча 3 долбоор даярдалган.

Мындан тышкары, узак мөөнөттүү өнүгүү багытында заманбап нан заводун, кондитердик цехти, ичүүчү минералдык сууну куюучу цехти калыптандырууда, заманбап лабораториялык жабдууларды алуу бар.

Ишканада бош жана токтоп турган өндүрүштүк аянттарды калыбына келтирүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү. 10 миң тонна азык-түлүк буудайды кабыл алуучу тоют цехинин имараты калыбына келтирилди. Цехти элеватор катары колдонуу пландалууда.

Бүгүнкү күндө ишканада 120дан ашык адам иштейт.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ишкананы модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул маселе боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берди.

Пикир

Оставить комментарий