• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын премьер-министри “Ачык Өкмөт” саммитине катышууда

Саясат 0

Тблиси, 18.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-июлда "Ачык Өкмөт" Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин 5-чи Саммитине катышууда.

Уюмдун мүчөлөрүнүн жолугушуусу Тблиси шаарындагы Концерттик залда өтүүдө. Саммиттин расмий ачылышында Грузиянын тарыхы тууралуу видео көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду.

Биринчилерден болуп саммитин ачылышында OGP директору Санджай Прадхан куттук сөз сүйлөдү.

Алдыда пленардык жыйын болуп, анда КРнын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев сөз сүйлөй тургандыгы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий