• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тажикстандын президенти ШКУга мүчө-өлкөлөрдүн премьер-министрлерин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 12.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-миинстри Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн башка өкмөт башчылары менен биргеликте жыйын башталаар алдында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушушту.

Тажикстандын башчысы жыйындын катышуучуларын жылуу кабыл алды.

“Биздин уюм эл аралык байланыштардын заманбап системасынын таасирдүү катышуучуларынын бири катары болуп жатканын белгилөө кубанычтуу. Теңдикке жана өз ара сый-урматка, бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алууга жана ишенимге негизделген кызматташтык – биздин узак мөөнөттүү жана бекем мамилелерибиздин негизи”, - деп белгиледи ал.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ШКУга мүчө делегациялардын башчыларына аталган отурумду ийгиликтүү өткөрүп алышын, жемиштүү ишти каалады.

Жолугушуунун катышуучулары ШКУнун алкагында соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын келечегин жана учурдагы абалын талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий