• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Улуттук гвардиянын жаш жоокерлери ант берди

Коом 0

Бишкек, 06.11.22. /Кабар/. Күн мурун, 5-ноябрда КР Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын аскер бөлүктөрүндө 200дөн ашуун жаш жоокер ант берди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Үч жуманын ичинде жоокерлер Улуттук гвардиянын тажрыйбалуу офицерлери жана сержанттарынын жетекчилиги астында жаш жоокерлер курсунун алкагында күчөтүлгөн программасын өтүштү. Анда күн тартибин жана Жалпы аскердик уставдарды окуп, тактикалык, саптык жана дене тарбия даярдыгынын негиздерин өздөштүрүп, өздөрүн мындан аркы аскердик милдеттерди аткарууга даярдашты.

Салтанаттуу иш-чарага КР КК Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, жоокерлердин бир туугандары жана жакындары жана аскер кызматынын ардагерлери гвардиянын генерал-полковниги А.Чотбаев, генерал-майор А.Алымкожоев жана Республикалык жоокерлер энелер комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова катышты.

Гвардиянын полковниги Т.Эргешов куттуктоо сөзүндө жаш жоокерлерге чың ден соолук жана Мекенге кызмат кылуу ардактуу иштерине чоң ийгиликтерди каалап кетти.

Иш-чаранын жүрүшүндө курал менен көрсөтүү көнүгүүлөр жана майрамдык концерт уюштурулду. Азем жаш Мекен коргоочулардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий