• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте эртең-бүрсүгүнү КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

Саясат 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. 2023-жылдын 16-17-ноябрында Бишкек шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) күзгү сессиясы өтөт.

Сессиянын алкагында КМШ ПААнын Кеңешинин отуруму, КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны, КМШ жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын отуруму өтөт. Андан тышкары, Саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча, Социалдык саясат жана адам укугу боюнча КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын жыйындары болот.

Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин жетекчилери жана депутаттары КР Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына жана белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияларга катышат.

Белгилей кетсек, Бишкекке Азербайжандан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Россиядан, Тажикстандан, Өзбекстандан делегациялардын келиши күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий