• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдибаит уулу Бусурманкул M-1 Challenge экс-чемпиону Максим Дивнич менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 04.01.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Москвада 22-февралда M-1 Challenge 88 турнири өтөт, ага кыргызстандык балбан Абдибаит уулу Бусурманкул катышат. Бул тууралуу балбандын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык балбан M-1 Challenge - экс-чемпиону Максим Дивнич (Россия) менен беттешет. Спортчулар 65,8 кг салмактык категория боюнча кармашка чыгышат.

Иш-чара “Олимпийский” спорт комплексинде 22-февралда өтөт.

Абдибаит уулунун байге куржунунда 8 жеңиш жана үч жеңилүү бар.

Максим Дивнич — россиялык балбан, профессионалдык деңгэлде 2011-жылдан бери мелдештерге катышып келет.

Пикир

Оставить комментарий