• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан ФИФАнын 73-конгрессине катышты

Спорт 0

Бишкек, 16.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 16-мартта Кигали шаарында (Руанда) Эл аралык футбол ассоциацияларынын федерациясынын (ФИФА) 73-конгрессинин жыйыны өттү.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, жыйындын күн тартибинде бир катар маселелер каралып, ФИФАнын президенти Джанни Инфантино жаңы төрт жылдык мөөнөткө 2023-2027-жылдарга кайра шайланды.

Жыйынга жана добуш берүүгө Кыргыз футбол бирикмесинин президенти Медербек Сыдыков, вице-президент Дастанбек Конокбаев жана башкы катчы Нурдин Букуев баштаган делегация да катышты.

Пикир

Оставить комментарий