• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын курамасы волейбол боюнча Борбор Азиянын чакырык кубогун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 28.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын курамасы волейбол боюнча Борбор Азиянын чакырык кубогун жеңип алды.

Оюндар 23-27-июль аралыгында Бишкектеги “Газпром” комплексинде өтүп, анда Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын командалары күч сынашты.

Кечээ, 27-июлда мелдештин финалдык бөлүгү орун алып, анда Кыргызстан менен Түкмөнстан беттешти. Оюн 3:2 эсебинде кыргыз волейболчулардын жеңиши менен аяктады.

Ал эми Борбор Азиянын чакырык кубогунда үчүнчү орунду Казакстан, андан кийинки орунду Өзбекстандын курамасы ээледи.

Пикир

Оставить комментарий