• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футбол арбитр мектеби судьялыкка жана инспекторлорду даярдоого кабыл алууну баштады

Спорт 0

Бишкек, 30-июнь /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Футбол арбитр мектеби кезектеги футбол боюнча судья жана инспекторлорду даярдоого бардык каалоочуларды чакырат.

“Арбитр мектеби футболдун тартибин үйрөнүүнү каалаган бардык каалоочуларды чакырат. Эгер сиз бул оюнду жакшы көрсөңүз, сизди анын окуусуна катышууга чакырабыз”,-деп жазылат маалыматта.

Окуу жайга өткөндөн кийин (2017-жылдын сентябрь айынан 2018-жылдын апрелине чейин) улуттук категориядагы судья болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуздар.

Бул биздин мектеп жүргүзгөн сегизинчи кабыл алуу, окууну аяктаган айрым бүтүрүүчүлөр ФИФАнын арбитры болууга жетишишти деп жазылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий