• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия кубогунун жана тайпалык баскычтын чүчүкулак кармоо датасы белгилүү болду

Спорт 0

Бишкек, 04.03.23. /Кабар/. Футбол боюнча Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-фералга чейин Катардын Доха шаарында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирди финалдык бөлүгүнө квалификациядан өткөн Азиянын 24 командасы катышат, анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Командаларды бөлүштүрүү боюнча чучкулак кармоо үстүбүздөгү жылдын 11-майында Дохада өтөт.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасы тарыхта экинчи жолу Азия Кубогунун финалдык баскычына чыкты. Команда биринчи жолу 2019-жылдагы Азия кубогуна катышып, 1/8 финалдык баскычка чыккан.

Эске салсак, чемпионат алгач 2023-жылдын жай айларында Кытайда өтмөкчү, бирок бийлик өлкөдөгү коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам баш тарткан. Ошентип Азия чемпионаты Катарга өттү. Климаттын ысыктыгына байланыштуу 2023-жылкы Азия чемпионаты 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу кышында, бирок келерки жылы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий