• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев Азербайжанда “Кошулбоо кыймылынын” байланыш тобунун саммитине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.23. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 70тен ашуун мамлекеттин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышуусунда Азербайжандын Баку шаарында ушул күндөрү өтүп жаткан “Кошулбоо кыймылынын” Байланыш тобунун саммитинин жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул “Кошулбоо кыймылы” саммити – COVID-19 пандемиясынан кийинки абалды калыбына келтирүүгө арналган.

Саммиттин жыйынын "Кошулбоо кыймылына" төрагалык кылуучу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев ачты.

Саммит Түркия жана Сирияда болгон катуу жер титирөөлөрдөн улам курман болгондорду бир мүнөттүк эскерүүдөн кийин башталды.

Бакыт Төрөбаев президент Садыр Жапаровдун саламын саммиттин төрагасы Ильхам Алиевге жана бардык катышуучуларга жолдоду.

Ал белгилегендей, Азербайжандын 2019-жылдан бери "Кошулбоо кыймылына" ийгиликтүү төрагалык кылуусунун, мүчө-өлкөлөрдүн демилгелеринин, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн жигердүү катышуусунун аркасында Уюмдун өзгөчө ролу жана эл аралык позициясы чыңдалууда.

“Коронавирус пандемиясы жарыялангандан бери биздин планетада жаңы тарыхый этап башталды. Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө болгон коронавирус пандемиясы мамлекеттердин экономикасына жана элдердин жашоосуна терс таасирин тийгизди. Биргелешкен иштердин аркасында биз акыркы эки жылда бул вирустун жайылышынын эң курч фазаларын жеңе алдык деп ишенем”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий